КРга кузовдорду алып келүүгө тыюу салууну узартуу каралууда: 8 компанияга — импортко уруксатКыргыз опера ырчысы Кайыргүл Сартбаева дүйнө салдыКыргызстанда банктык эмес каржы рыногу чөйрөсүндөгү окуу борбору түзүлөтОрусия Кыргызстандагы чет элдик капитал катышкан биргелешкен ишканалардын саны боюнча лидерДушанбеде ШКУнун өкмөт башчылары жолугуп, кызматташууну өнүктүрүү маселелерин караштыЮстиция министрлиги Бекешевдин Конституциядагы 44 ката тууралуу билдирүүсүнө жооп берди
Кыш чилдеде муздак суу куюнган “морж” ардагер
26.01.2023 | 11:08
Бишкек шаарындагы жаңы конушта жашаган 65 жаштагы күч түзүмдөрүнүн ардагери Советбек Арбаев ызгардуу аязда дагы муздак суу менен жуунат.
Маалым болгондой, отставкадагы полковник, ИИМдин Ички аскерлеринин ардагерлеринин коомдук бирикмесинин жана ЖАКтын Кайтаруу жана күзөтүү департаментинин «Сый-Урмат» ардагерлер кеңешинин төрагасы өзүнүн салтка айланган адаты менен көпчүлүктү таң калтырып келет.
“Кандай аба ырайы болбосун Советбек Арбаев жаш курагына, тажрыйбасына жана ага жасалган операцияларына карабай, Кара-Жыгач конушундагы үйүнүн короосунда муздак суу куюнуп, денесин чыңдап келет”, – дешет кесиптештери.
Муну менен ардагер жаштарга жашоону сүйүүнүн жана ден соолукту чыңдоонун эң сонун үлгүсүн көрсөтүп келет.

Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом