Кышка даярдык көрбөгөн жетекчилердин иши каралат

Кышка даярдык көрбөгөн жетекчилердин иши каралат

Бүгүн президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев кышка даярдыкты өз убагында жүргүзбөгөн жетекчилердин иши караларын айтты.

Аталган өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы маалымдагандай, күз-кыш мезгилине даярдык көрүү боюнча облусттук штабдын жыйынында облус башчысы күз-кыш убагында электр энергиясын үзгүлтүккө учураптоо үчүн социалдык мекемелерди альтернативдик жылытуу системасына өткөрүү ишин тездетүү талабын койду.

Андан сырткары ал район-шаарларда калкка көмүр камдоо боюнча жумуштун солгундугун сынга алып, бардык аймактарда 10-октябрга чейин даярдыкты жүз пайызга жеткирип, чукул чараларды көрүүнү тапшырды.

Жалал-Абаддын аймагында “Кыргызжылуулукэнерго” мамлекеттик ишканасына таандык 28 коммуналдык откана бар. Аймакта билим берүү тамагында 757, саламаттыктык сактоо жаатында 1548 объект бар. Алар газ, мазут, электр энергияси жана көмүр менен жылытылат.

Облус боюнча калкка күз-кыш мезгилинде 176,4 миң тонна көмүр керектелет. Бүгүнкү күндө анын 61,8 миң тоннасы камдалган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>