Министрлик Купешов боюнча маалыматты четке какты

Министрлик Купешов боюнча маалыматты четке какты

“Билим берүү жана илим министри Болотбек Купешовго кылмыш иши козголду”- деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул туурасында аталган министрликтин басма-сөз кызматы билдирүү таратты.

Министрлик тараткан билдирүүсүндө, «Массалык маалымат каражаттары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17-беренесине ылайык, министрлик Reporter.kg маалымат
агенттигинен чындыкка дал келбеген, Б. Душековичтин ар-намысына көө жапкан, элге жар салынган билдирүүнү төгүндөөнү талап кылат” делет.

20-сентябрь күнү Reporter.kg өздүк булактарына таянып министр Болотбек Купешовго кылмыш иши козголгонун, бирок,  маалыматты  УКМК тактап жатканы боюнча маалымат чыгарган.

Ал эми 21-сентябрь күнү Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма-сөз кызматы да Купешовго кылмыш иши козголбогонун билдирди.

Билим берүү министри Купешовго кылмыш иши козголду

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>