Кытайдан Казакстанга келген 4 киши ооруканага жаткырылды

Кытайдан Казакстанга келген 4 киши ооруканага жаткырылды

Кытайдан Казакстанга келген 23 кишинин дене табы көтөрүлүп, 4 киши курч респиратордук вирустук инфекция жуктуруп алуу шеги менен ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу өлкөнүн саламаттык сактоо министри билдиргенин чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.

Маалыматта бейтаптардын канынан анализ алынганы белгилүү болду.

«Үч сутканын ичинде кеңири дарт аныктоо иштери жүргүзүлөт. Тиешелүү терапия башталды», – деп жазылат маалыматта.

Маалыматтарга караганда, 28-январга карата Кытайдан Казакстанга жалпысынан 25 858 киши келди, алар казакстандык жана чет өлкөлүк жарандар. Алардын бардыгы текшерүүдөн өтүүдө.

Бул арада Казакстандын Саламаттык сактоо министрлиги акыркы эки аптада Кытайдан келген жарандарга бейтапканаларга барып, текшерилүүнү сунуштоодо.

Кытай бийлигинин маалыматы боюнча өлкөдө коронавирустан 106 киши көз жумду. Инфекцияны жуктуруп алгандардын саны төрт жарым миңден ашты. Коронавирус Хубэй провинциясындагы Ухань шаарында тараган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>