12-октябрь: күндүз Кыргызстандын басымдуу бөлүгүндө жаан жаашы күтүлөтОш облусунда жер көчкү активдешип, 11 адам эвакуацияландыКочкор бекетинен Бишкек ЖЭБине алгачкы жолу көмүр жөнөтүлөтСадыр Жапаров Сүлүктүдөгү таза суу жана жол маселелерин чечүүнү убада кылдыНепродовольственных товаров в Кыргызстане продали больше, чем продуктов питанияКыргызстандагы «Яндекс» кызматынын үзгүлтүккө учурашы бийлик үчүн сабак болушу керек — Дастан Бекешев
Чек ара кызматынын аскер кызматкери контрабандага шектелип кармалды
21.07.2026 | 11:53

Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматынын (МЧК) аскер кызматкери мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесиндеги мыйзамсыз иштерге тиешеси бар деп шектелип кармалды. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирет.
Алдын ала маалымат боюнча, аскер кызматкери мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкеси аркылуу товарларды мыйзамсыз ташып өтүү менен алектенген адамдарга көмөктөшүп жүргөн.
Чогултулган материалдар мындан аркы процессуалдык аракеттерди жүргүзүү жана Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык чечим кабыл алуу үчүн Баткен гарнизонунун Аскер прокуратурасына өткөрүлүп берилди. Учурда аскер кызматкери кармалып турат.