АКШнын мамкатчысы Марко Рубио соода кызматташтыгын өнүктүрүү үчүн Борбор Азияга келе жататБишкектин Достук айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы жер тилкелери боюнча алдамчылыкка шектелүүдөСадыр Жапаров ЮНЕСКОнун башкы директору Халед Аль-Анани менен жолугуштуЧүй облусунун ооруканаларына үч тез жардам унаасы тапшырылдыЕреванда Садыр Жапаров менен Армениянын премьер-министри Никол Пашинян сүйлөшүүлөрдү өткөрүштүШакиранын Бишкектеги концерту: 18-октябрда милиция күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөйт
ТИМ Германияда эмне үчүн кыргызстандыктар жумушсуз калганынын жагдайларын тактап жатат
23.07.2026 | 17:57

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Samara Academy уюмунун программалары аркылуу Германияга барган Кыргызстандын жарандарына байланыштуу кырдаалдын жагдайларын тактап жатканын билдирди.
ТИМдин маалыматына ылайык, текшерүү жалпыга маалымдоо каражаттарында жана социалдык тармактарда айрым кыргызстандыктар жумушсуз калганы тууралуу маалымат тарагандан кийин Кыргызстандын Германиядагы элчилиги менен биргеликте жүргүзүлүүдө.
Министрлик билдиргендей, учурда болгон окуянын бардык жагдайлары такталып жатат. Максат — зарыл болгон учурда жарандарга консулдук-укуктук жардам көрсөтүү жана алардын укуктары менен мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо.
ТИМ жаңы маалыматтар түшкөн сайын коомчулукка кошумча маалымат бериле турганын кошумчалады.