Кытай Кыргызстандын айыл-чарба товарына, көмүр кенине кызыкдар

Кытай Кыргызстандын айыл-чарба товарына, көмүр кенине кызыкдар

Кытай Кыргызстандын органикалык айыл-чарба товарларына кызыкдар. Бул туууралуу Кытайдын мамлекеттик кеңешинин премьери Ли Цян  министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров менен жолугушууда билдирди.

Ли Цян Кытай айыл чарба тармагындагы кызматташууну тереңдетүүгө даяр экендигин белгилеп, айрыкча органикалык таза продукцияны импорттуна көңүл бөлүп, айыл чарба жарманкелери, ЭКСПО жана башка аянтчаларды уюштурууну сунуштады.

““Биздин “дарбазаларыбыз” кыргызстандык өнөктөштөр үчүн ачык, биз бул аянтчаларды чогуу пайдалана алабыз”, — деди Ли Цян.

Акылбек Жапаров  айыл чарба продукциялары Кытай базарына экспорттоону жогорулатуу максатында  өткөрүү пунктарында ветеринардык жана фитосанитардык лабораторияларды ачуу керектигин айтты.

Эки өкмөт башчысынын жолугушуусунда бир топ документтерге кол коюлду. Алардын катарында “Тегене” «Сүлүктү талаа-11», «Торугарт 1» көмүр кендерин биргелешип иштетүү боюнча келишим дагы бар.

Андан сырткары, Энергетика министрлиги «Goldwind Science and Technology Co., Ltd» компаниясы менен Кыргызстанда кубаттуулугу 3 ГВт чейин шамал электр станцияларын,  «Molin Energy Company Limited» компаниясы менен күн электр станцияларын курмакчы.

Белгилей кетсек, Кытайдын мамлекеттик кеңешинин премьеринин Кыргызстанга расмий сапары өтүүдө. Ал эртең Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын кеңешинин жыйынына катышат. Ли Цян бүгүн президент Садыр Жапаров менен дагы жолугушту.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>