Бишкекте оңдолгон имараттардын фасадын өз алдынча өзгөртүүгө тыюу салындыУлуттук банк эсептик ченди 12% деңгээлинде сактады: инфляция 10,8%га чейин төмөндөдү«Кумтөрдүн» тогуз айдагы кирешеси 1 млрд доллардан ашып, таза пайдасы 548 млн долларды түздүРухий-Мурас, Тунгуч, Кырман: Бишкектин бир катар конуштарында 28-октябрда суу өчүрүлөт27-октябрда өлкөдө жаан-чачын күтүлбөйтКыргызстандык дзюдочу Фадиль Исмагомбетов Душанбедеги эл аралык турнирде коло утту
Кытай Кыргызстандын суу чарба тармагына 370 даана техника берет
04.08.2026 | 18:29

Бүгүн, 4-августта, айыл чарба министри Эрлист Акунбеков жана Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Лю Цзянпин жолугушту. Анын жыйынтыгында КРдин Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине техникаларды жана жабдууларды жеткирүү боюнча келишимге кол коюлду.
Мекеменин маалыматында, долбоор 2015-жылдын 26-мартындагы эки тараптуу техникалык-экономикалык жардам көрсөтүү макулдашуусунун алкагында ишке ашырылат. Гранттык жардам катары министрликке 148,9 млн кытай юанына бааланган 370 даана атайын техника берилет.
Бул техникалар Суу ресурстары кызматынын ирригациялык каналдарды тазалоочу бөлүмдөрүнө арналган. Алар өлкө боюнча 7 облустук жана 40 райондук суу чарба башкармалыктарына бөлүштүрүлөт.
Теги: Айыл чарба министрлиги, Кытай