Казакстанда 70 жылдан кийин алгачкы жолу жапайы жаратылышка жолборс коё берилди

04.08.2026 | 18:17
Казакстанда 70 жылдан кийин жапайы жаратылышка алгачкы жолу жолборс коё берилди — Новости Кыргызстана
Казакстанда 70 жылдан кийин жапайы жаратылышка алгачкы жолу жолборс коё берилди — иллюстрация
Казакстанда 70 жылдан кийин жапайы жаратылышка алгачкы жолу жолборс коё берилди — контекст события
Казакстанда 70 жылдан кийин жапайы жаратылышка алгачкы жолу жолборс коё берилди — фото 4
Казакстанда 70 жылдан кийин жапайы жаратылышка алгачкы жолу жолборс коё берилди — фото 5

31-июлда Казакстандын «Иле-Балхаш» мамлекеттик жаратылыш резерватынын аймагында Үмүт (Үміт) аттуу амур жолборсу жапайы жаратылышка коё берилди. Бул аталган өлкөнүн аймагында жолборстор жок болуп кеткенден 70 жыл өткөндөн кийинки алгачкы окуя болуп саналат. Бул тууралуу Казакстандын Экология жана табигый ресурстар министрлиги кабарлады.

Маалыматка ылайык, жолборсту тарыхый жашоо чөйрөсүнө кайтаруу программасы 10 жылдан ашык убакыт бою даярдалган. Бул мезгил ичинде «Иле-Балхаш» резерваты түзүлүп, экосистема калыбына келтирилген жана жолборстун азык базасын түзгөн жапайы туяктуу жаныбарлардын саны көбөйтүлгөн.

Үмүт аттуу ургаачы жолборс – 2026-жылдын май айында Орусиядан алынып келинген төрт жолборстун бири. Ал атайын вольерде адаптациядан өткөндөн кийин, ветеринардык текшерүүлөрдүн жыйынтыгы менен жапайы жаратылышта өз алдынча жашоого даяр деп табылганю Коё берүү алдында жаныбарга спутниктик GPS-каргы тагылган. Учурда анын жүрүү багыты жана адаптация процесси күнү-түнү көзөмөлдөнүүдө.

Ал эми Үмүт менен кошо алынып келинген калган үч жолборс — бир эркек жолборс жана эки күчүк — азырынча адистердин көзөмөлүндө. Аларды жапайы жаратылышка чыгаруу чечими кийинчерээк, тиешелүү тесттерден жана текшерүүлөрдөн өткөндөн кийин кабыл алынат.

Казакстандын расмий мекемеси бул программанын максаты Или дарыясынын дельтасында жана Түштүк Прибалхашье аймагында жолборстордун туруктуу популяциясын калыбына келтирүү болуп саналарын билдирди.

Scroll to Top