Ош облусунда жер көчкү активдешип, 11 адам эвакуацияландыКочкор бекетинен Бишкек ЖЭБине алгачкы жолу көмүр жөнөтүлөтСадыр Жапаров Сүлүктүдөгү таза суу жана жол маселелерин чечүүнү убада кылдыНепродовольственных товаров в Кыргызстане продали больше, чем продуктов питанияКыргызстандагы «Яндекс» кызматынын үзгүлтүккө учурашы бийлик үчүн сабак болушу керек — Дастан БекешевСадыр Жапаровго Лейлек району менен Сүлүктү шаарынын өнүгүү жыйынтыктары тааныштырылды
Бишкектин борборундагы ыдык көрсөтүү: кыз шектүүнү тартып алган
30.06.2026 | 11:37

Бишкекте бир кыз Threads социалдык тармагында таң эрте көчөдө бейтааныш адамдын ыдык көрсөтүүсүнө (тийишүүсүнө) кабылганын жазып чыкты.
Анын айтымында, окуя саат 5:40 чамасында Үмөталиев жана Рыскулов көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Ал белгисиз эркек киши жанына басып келип, санынан кармап алганын билдирген. Кыз башында апкаарып калганын, бирок аны түртүп жиберүүгө чамасы жеткенин, андан соң тийишкен адамды сүрөткө жана видеого тартып алуу үчүн артынан кууп барганын айткан.
Кийинчерээк ал ошол кишинин сүрөттөрү менен видеосун жүктөп, маалыматты болушунча таратып берүүнү суранган. Билдирүүдө ал тийишкен адамдын жазага тартылышына жетүүнү жана мындай көрүнүштөрдүн кайталанышына жол бербөөнү көздөй турганын белгилеген.
Посттун алдындагы комментарийлерде дагы бир ушундай окуя тууралуу жазылган. Дагы бир колдонуучу буга чейин дал ушул кишиге туш болгон болушу мүмкүн экенин билдирген. Анын айтымында, түнкү саат 4:30 чамасында ал киши эшиктин алдына барып, сексуалдык мүнөздөгү аракеттерди жасай баштаганда, кыз эшикти жаап калууга үлгүргөн.
Ленин райондук Ички иштер башкармалыгынын (ИИБ) басма сөз кызматы бул факт Маалыматтарды каттоо журналына катталып, текшерүү иштери жүрүп жатканын билдирди.