Кызыл-Кыяда жолбун ит тиштеп алган 8 адам ооруканага жаткырылды

Кызыл-Кыяда жолбун ит тиштеп алган 8 адам ооруканага жаткырылды

Баткендин Кызыл-Кыя шаарында жолбун 8 адамды тиштеп алып, алар ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, окуя бүгүн, 25-августта болгон. Кызыл-Кыя шаарынын 8 тургунун жолбун ит тиштеп алган. Ит табылып, жок кылынган.

Баткендеги ветеринардык лаборатория тарабынан изилдөө жүргүзүү үчүн патологиялык материал (иттин мээси) алынган. Ошондой эле жолбун ит 3 баш бодо малды тиштеп алганы аныкталып, алар 10 күндүк байкоодо турат.

«Бул иттин тиштөөсүнөн жабыркагандардын бардыгы Кызыл-Кыя шаарындагы медициналык жардам көрсөтүү борборунун травматология бөлүмүнө жаткырылып, аларга кутурмага каршы иммуноглобулин жана кутурмага каршы вакцина курсу дайындалган.

Инфекциянын жайылышын алдын алуу боюнча эпидемияга жана эпизоотияга каршы иш-чаралар улантылууда», — деп билдирет министрлик.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>