Кулубаев Германиянын тышкы иштер министри менен жолугушту

Кулубаев Германиянын тышкы иштер министри менен жолугушту

Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Германияга болгон сапарынын алкагында тышкы иштер министри Анналена Бербок менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.

Жолугушуу 24-августта Берлин шаарында өтүп, эки өлкөнүн кызматташтык маселелери, Германиянын президенти Франк-Вальтер Штайнмайердин Кыргызстанга 22-23-июнда болгон расмий сапарынын жыйынтыктары, ошондой эле жогорку деңгээлдеги өз ара сапарларды уюштуруу маселелери талкууланган.

«Германия Европадагы жана эл аралык деңгээлдеги маанилүү тышкы саясий өнөктөштөрдүн бири болгон жана болуп кала берет», — деп билдирген Кулубаев.

Өз кезегинде Анналена Бербок да өз ара кызыкчылык туудурган бардык чөйрөлөрдө, анын ичинде «Германия — Борбор Азия» диалогдук платформасынын алкагында кызматташууну мындан ары кеңейтүүнүн маанилүүлүгүн белгилеген.

«Эки өлкөнүн тышкы иштер министрликтеринин башчылары 2023-жылдын ноябрында Гамбург шаарында өтө турган кыргыз-герман ишкерлер кеңешинин экинчи жыйынын эске алуу менен, экономикалык кызматташтыкты кеңейтүү, соода жүгүртүүнү өз ара көбөйтүү жана эки тараптуу кызматташууну өнүктүрүү, герман инвестициясын айыл чарба, туризм, энергиянын кайра жаралуучу булактары, маалымат технологиялары жана башкалар сыяктуу келечектүү тармактарга тартуу маселелерин талкуулашты», — деп айтылат маалыматта.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>