Күзүндө жергиликтүү кеңештердин баарына шайлоо өтөт

Күзүндө жергиликтүү кеңештердин баарына шайлоо өтөт

Администрациялык-аймактык реформанын жыйынтыгында өлкөдөгү баардык жергиликтүү кеңештерге шайлоо өтөт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин агрардык саясат комитетинин жыйынында экономика министри Данияр Амангелдиев билдирди.

Анын айтымында, тийиштүү мыйзам долбоорлору кабыл алынгандан кийин жергиликтүү депутаттар таркап кетет.

«Шаарларда жана айылдарда ноябрь айында шайлоо өтөт. Ага каражат бөлүнгөн», — дейт Данияр Амангелдиев.

Министрдин айтымында, ордо калаадагы депутаттардын саны өзгөргөн жок.

«Бишкекте 45 депутат бойдон калат. Бул мыйзам менен бекилген», — дейт ал.

Депутат Балбак Түлөбаев шаар чоңойгондон кийин депутаттардын санын көбөйтүү керектиги айтты.

«Бишкек чоноюп жатса, анан 45 депутат шаарды кантип башкарат? Санын көбөйтүш керек болчу», — деди ал.

Данияр Амангелдиев 450 айыл өкмөтүнүн саны 235ке чейин кыскарганын белгиледи.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>