Эксклюзив

«Сөөктөр сүйлөйт»: Өмүрбек Текебаев көчмөндөр цивилизациясынын келип чыгышы тууралуу

26.08.2026 | 13:47
«Сөөктөр сүйлөйт»: Өмүрбек Текебаев көчмөндөр цивилизациясынын келип чыгышы тууралуу — Новости Кыргызстана

Кыргызстандын Германиядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Өмүрбек Текебаев Reporter.kg маалымат агенттигине Евразиядагы көчмөндөр цивилизациясынын келип чыгышына жана өнүгүшүнө арналган «Династия. Металл. Жылкы» монографиясынын жакында эле бет ачары болгон биринчи тому тууралуу айтып берди. Изилдөөнүн авторлошу катары изилдөөчү Кубан Чороев чыккан.

Текебаевдин айтымында, биринчи том мындан төрт миң жылдай мурун түптөлө баштаган көчмөндөр цивилизациясынын жаралышына арналган. Анын айтымында, болжол менен 500 жылдан кийин анын биринчи фазасынын — бугу таштары жана херексурлар доорунун гүлдөгөн мезгили келген.

«Херексурлар — бул ырым-жырым жана маркумду узатууга арналган монументалдык комплекстер. Алар Байкалдан Ысык-Көлгө чейинки, Алтайдан Алайга чейинки чоң мейкиндикти камтыйт», — деди ал.

Текебаев белгилегендей, буга чейин мифтерде, уламыштарда жана эпостордо сакталып калган маалыматтар көбүнчө ата-бабалардын фантазиясы катары кабыл алынып келген. Бирок, анын айтымында, заманбап археологиялык жана археогенетикалык изилдөөлөрдүн жыйынтыктары менен таанышуу өткөн доордун бир кыйла толук картинасын көрүүгө мүмкүндүк берди.

«Үч миң жыл мурун бул жерди кайсы эл байырлаганы тууралуу түшүнүк пайда болду. Бардык белгилери боюнча, булар цивилизация жөнүндө сөз кылууга боло тургандай деңгээлдеги кыйла өнүккөн коомдор болгон. Бул биздин континенттин тарыхында абдан чоң роль ойногон биринчи евразиялык көчмөндөр цивилизациясы болчу», — деп эсептейт Текебаев.

Анын айтымында, бул цивилизациянын таасири Маньчжурия менен Кореядан тартып Европага, Индияга жана Азиянын башка аймактарына чейинки зор аймакка тараган.

Ошол эле учурда Текебаев изилдөөнүн авторлору кеп түздөн-түз азыркы түшүнүктөгү кыргыздар жөнүндө болуп жатат деп ырастабастыгын баса белгиледи.

«Мен аларды кыргыздар болгон деп айтпайм — алар азыркы түшүнүктөгү кыргыз боло элек болчу. Бирок биздин биологиялык ата-бабаларыбыз жана аларга маданияты жакын элдер бул процесстерде маанилүү роль ойногон», — деп белгиледи ал.

«Мен тарыхчы эмесмин, бул менин артыкчылыгым»

Изилдөөнүн кесипкөй коомчулук тарабынан сындалышы мүмкүн экенине комментарий берип жатып, Текебаев авторлор сунуштаган концепцияга тарыхчылардын реакциясы бир беткей эмес болушу мүмкүн экенин моюнга алды.

«Алар үчүн мен бөтөн адаммын, сырттан келген кишимин. Алар өмүрүн өз ишине арнашкан, анан эле сырттан бирөө келип алып, оңой эле акыл үйрөтүп жатат. Мен аларды түшүнөм. Бирок талашта чындык жаралат», — деди ал.

Текебаевдин айтымында, анын кесиптик тарыхый билиминин жоктугун бул учурда ал кемчилик гана эмес, артыкчылык деп да эсептейт.

«Мен тарыхчы эмесмин, бул менин артыкчылыгым. Көптөгөн тарыхчылар — өз ишине берилген мыкты адистер. Алар өз тармагын (участогун) эң сонун билишет, бирок ошол эле учурда анын туткуну болуп калышы да мүмкүн. Дрон сыяктуу өйдөгө көтөрүлүп, жалпы картинаны толугу менен көрүү керек», — деп түшүндүрдү ал.

Ошол эле учурда Текебаев китептин концепциясы буга чейин белгисиз болгон табылгаларга эмес, кадыр-барктуу окумуштуулардын буга чейин жарыяланган изилдөө жыйынтыктарына негизделгенин баса белгиледи.

«Биздин ырастоолорубуз жана концепциябыз негизделген фактылардын бардыгы кадыр-барктуу окумуштуулар тарабынан эбак эле ачылган. Булар биз талашсыз деп эсептеген ондогон, жүздөгөн фактылар. Ушул фактылардын негизинде биз өз жыйынтыктарыбызды чыгардык», — деди ал.

«Бүгүн ДНК жана сөөктөр сүйлөйт»

Текебаевдин айтымында, байыркы көчмөн коомдорду изилдөө жазма булактардын жоктугунан улам кыйынчылык жаратат. Бирок заманбап технологиялар башка булактардан — адамдын сөөктөрүнөн жана археологиялык табылгалардан маалымат алууга мүмкүндүк берет.

«Бүгүн ДНК, башкача айтканда, сөөктөр сүйлөйт. Бүгүн ар кандай археологиялык табылгалар сүйлөйт», — деп белгиледи ал.

Мисал катары Текебаев байыркы металл буюмдарын изилдөө иштерин келтирди. Заманбап методдор, анын айтымында, руданын келип чыгышын аныктоого, аны казып алуу убактысын тактоого жана металл кайсы жерде эритилип, андан буюмдар жасалганы тууралуу маалымат алууга мүмкүндүк берет.

Бул үчүн изилдөөчүлөр, өзгөчө, изотоптук жана радиокөмүртектик методдорду колдонушат. Текебаев ошондой эле Кыргызстанда китепте каралган тарыхый доорду түздөн-түз изилдөө менен алектенген адистердин жетишсиздигине көңүл бурду.

«Кыргызстанда бул доор боюнча адистер жок — археологдор да, археогенетиктер да. Археологдор бар болгон күндө да, алар бул доор жөнүндө дээрлик эч нерсе жазышкан эмес», — деди ал.

Экинчи том жөнүндө

Текебаев монографиянын экинчи томунун үстүнөн иштөө аяктаганын билдирди. Аны 2027-жылдын башында жарыялоо пландалууда.

Анын айтымында, авторлор уландысын чыгарууга атайылап шашылбай жатышат, анткени алар биринчи томго болгон коомдук жана илимий кызыгууну үстүбүздөгү жылдын аягына чейин сактап калууну каалашат.

«Эгерде эртең экинчи томду жарыяласак, көңүл буруунун кагылышы пайда болот. Ал биринчисин басып калат да, ага болгон кызыгуу жоголот. Ошондуктан, биринчи томду биз жылдын аягына чейин талкуулайбыз го», — деп түшүндүрдү Текебаев.

Ошону менен бирге ал китептин тегерегиндеги мүмкүн болгон сынды жана талкууларды оң кабыл алат.

«Каршылык канчалык көп болсо, сын канчалык көп айтылса, бул биздин китепке болгон кызыгууну ошончолук арттырат. Ошондуктан талкуулар жана сындар биз үчүн күтүлгөн нерсе. Биз аларды күтөбүз», — деди ал.

Экинчи том көчмөндөр дүйнөсүнүн өнүгүүсүнүн конфедеративдик фазасына — скиф дооруна арналат.

«Династия. Металл. Жылкы» монографиясынын биринчи тому эл аралык онлайн-платформаларда орус жана англис тилдеринде электрондук форматта жеткиликтүү.

Анара Мамытова

Scroll to Top