Күн жана ысык өткөрүп албоо үчүн эмне кылуу керек — медиктердин кеңешиТүптүн Кең-Суу айылына ипотекалык көп кабатуу үйлөр курулатОңой акча жана оор кесепеттер: жаштарды баңгибизнеске кантип азгырышат?Нарын коругунда 6 миң түп көчөт тигилдиКыргызстанда Казарман ГЭСтер каскадынын курулушу башталдыАйрым аймактарда өткүн өтөт: 26-июнга карата аба ырайы
Лебединовка айылында унаа өспүрүм кызды сүзүп кетти
13.08.2022 | 14:59
Чүй облусунун Лебединовка айылында унаа өспүрүм кызды сүзүп кетти. Бул тууралуу окуянын күбөсү Reporter.kg’ге билдирди.
Окуянын күбөсүнүн айтымында, жол кырсыгы Жеңиш проспектисинде болгон. Айдоочу карама-каршы тилке менен баратып 14-17 жаштагы кызды сүзгөн. Унаа катуу келип сүзгөндүктөн ал 2 метрге учуп кеткен.
Күбөнүн пикири боюнча, өспүрүм кыз катуу жаракат алган болушу мүмкүн.
“Бир жерин катуу кокустатып алган болушу мүмкүн. Мага кабыргасы, буту сынгандай көрүндү. Айдоочу аны Чүй облустук ооруканасына алып кетти окшойт”, – деди ал.
Бул окуя боюнча Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгына кайрылганыбызда, бул маалыматты тактап берерин билдиришти.
Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: Жаңылыктар, Коом