Улуттук тарых музейи алтын комуздуу болду

Улуттук тарых музейи алтын комуздуу болду

Кечээ, 12-августта улуттук тарых музейине өрүктөн жасалып таза алтын жалатылган комуз тапшырылды. Бул тууралуу Маданият., маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Алтын жалатылган комуз  тарых музейине жеке ишкер тарабынан берилген. Тарых музейине тапшырылган комуз ишкер тарабынан үч кылдуу аспапты бешинчи ирет алтын жалатып жасатышы.

Буга чейин эки комуз 2015-жылы Ош шаарында өткөн айтыштын жеңүүчүлөрүнө тапшырылган. Үчүнчүсү бүгүн, 13-августта «Ынтымак» эс алуу багында өтө турган төкмө акындардын айтышында ыйгарылат. Ал эми төртүнчүсү «Сулайман-Тоо» улуттук археологиялык музей комплексине тапшырылган.

Өрүк комузду Марат Берикбаев чаап, аны алтынга ширеткен зергер Али Мамарасулов болгон.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>