Наристе даараткананын чуңкуруна кулап каза болдуТүркияда деңиз жээгинен кыргызстандык жарандын сөөгү табылдыБишкектеги №24 мектепте миллион сомдук акча чогултуу боюнча кылмыш иши козголдуИран менен АКШнын ортосундагы 14 пункттан турган меморандумдун долбоору жарыяланды — толук маалыматСауна, мончо жана тамактануучу жайлар үчүн салык ставкасы төмөндөтүлөтУнаалардын алдыңкы каптал айнектерин караңгылатуу акысы бир айга арзандады
Лейлекте автоунаа ала салып, айдоочусу жабыркады
30.09.2020 | 09:24
Лейлекте автоунаа ала салып, айдоочусу жабыркады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, окуя бүгүн, 30-сентябда саат 01:00дөр чамасында Ош-Баткен-Исфана унаа жолунун 318-чакырымында Лейлек районунун Кара-Суу айылында болгон. Анда “Honda Fit” үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу рулду башкара албай унаа жолдон чыгып оодарылып кеткен.
Окуя болгон жерге барган куткаруучулар автоунаадан чыга албай кыпчылып калган айдоочуну чыгарып, “Тез жардам” кызматына өткөрүп беришкен.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар