Гутерриш: деңиз деңгээлинин көтөрүлүшү адамдарды келечектен ажыратуудаКыргызстандын мыйзамдарына «буллинг» жана «кибербуллинг» түшүнүктөрүн киргизүү сунушталуудаТүп районунда лагерь жана 6 гектар жер мамлекетке кайтарылдыФермерлерди кредиттөө онлайн форматка өткөрүлөтАКШнын элчиси Лесли Вигери төрт жылдык ишин жыйынтыктап, Кыргызстан менен коштоштуКыргызстандын банктарында жаңы депозиттердин көлөмү 937 млрд сомго жетти
Лейлекте мас абалында аялын сабаган жаран кармалды
18.01.2024 | 19:07
Баткен облусунун Лейлек районунда аялына зомбулук көрсөткөн жаран кармалганын облустук милициянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Лейлек районун Ак-Арык айылынын 31 жаштагы тургуну (аял киши) милицияга арыз менен кайрылып, анын 34 жаштагы С. аттуу күйөөсү спирт ичимдигин ичип, мас абалда уруп-тепкилеп, зомбулук көрсөткөнүн билдирип, ага чара көрүүнү өтүнгөн.
Арыз каттоого алынып, Кылмыш жаза кодексинин 138-беренеси (Уруп сабап кыйноо) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды.
Жабырланган аялга коргоо ордери берилип, тиешелүү экспертизалар дайындалып, ага зомбулук көрсөткөн жолдошу убактылуу кармоо жайына киргизилди. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар