Гутерриш: деңиз деңгээлинин көтөрүлүшү адамдарды келечектен ажыратуудаКыргызстандын мыйзамдарына «буллинг» жана «кибербуллинг» түшүнүктөрүн киргизүү сунушталуудаТүп районунда лагерь жана 6 гектар жер мамлекетке кайтарылдыФермерлерди кредиттөө онлайн форматка өткөрүлөтАКШнын элчиси Лесли Вигери төрт жылдык ишин жыйынтыктап, Кыргызстан менен коштоштуКыргызстандын банктарында жаңы депозиттердин көлөмү 937 млрд сомго жетти
Алай районуна жаңы аким келди
18.01.2024 | 19:33
Чыңгыз Бапаев Алай районунун акими болуп дайындалды, деп билдирет президенттин басма сөз кызматы.
“Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, Бапаев Чыңгыз Арстанбекович мурда ээлеген кызмат ордунан бошотулуп, Ош облусунун Алай районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким болуп дайындалды”, – деп айтылат билдирүүдө.
Белгилей кетсек, Алай районунун буга чейинки акими Азамат Кожомамбетов берген арызынын негизинде кызматынан бошотулган.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар