Тубаса көз оорусу менен төрөлгөн балдар Казакстанда дарыланууга аргасыз

Тубаса көз оорусу менен төрөлгөн балдар Казакстанда дарыланууга аргасыз

Кыргызстанда эрте төрөлгөн балдардын ретинопатия дартын аныктай турган жана операция жасоого керектүү жабдуу  жок. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин депутат Дастан Бекешевго жолдогон катында айтылат.

Маалыматта 2021-жылдан бери Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда офтальмоскоп аппараты менен дарт аныктоо жүрүп жатканы белгиленет. Бул жабдуу ретинопатияны 80 пайызга тактап берет.

Бирок илдетке кабылган бөбөктөргө операция жасоо үчүн жабдуу жок.

“Эне жана баланы коргоо улуттук борбору Казакстандын Көз оорулар институту менен бирге дарты аныктоо жана дарылоо иштерин ыкчам жүргүзүп турат”, — дейт министрлик.

Ретинопатияны дарылоо боюнча клиникалык протокол даярдалып, кабыл алуу үчүн сунушталды. Ал күчүнө киргенден кийин гана министрлик төрөт үйлөрүндө дарыгерлерди окуудан өткөрмөкчү.

“Учурда эки окулист Казакстанда окуп келишти”, — дейт Саламаттыкты сактоо министрлиги.

Ретинопатия — бул көздүн торчосунун бузулушу, аны эрте аныктап дарылабаса башка ооруларды козгоо менен, жыйынтыгында азиздикке алып келет.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>