Лицензиясы жок дары саткандарга айып салып, камакка алуу сунушталды

Лицензиясы жок дары саткандарга айып салып, камакка алуу сунушталды

Саламаттыкты сактоо министрлигинде лицензиясы жок дары-дармектерди сатуу боюнча Бузуулар жана Кылмыш-жаза кодекстерине өзгөртүү киргизүү каралууда.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлү 14-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында билдиргендей, эгерде мыйзам биринчи жолу бузулса, 500 миң сомдон 700 миң сомго чейин айып салуу сунушталууда. Эгер зыян келтирилсе,  2 жылдан эркиндигинен ажыратуу, ал эми ири зыян келтирилгенде — 5 жылга эркинен ажыратуу каралууда.

«Категорияларга бөлүүгө болбойт, Түркиянын дары-дармектерге көз салуу тажрыйбасын караңыз. Аларда жасалма продукция дээрлик жок. Бул үчүн контрабандачылар 50 жылга эркинен ажыратылышы мүмкүн», — деди депутат Чолпон Султанбекова.

Белгилей кетсек, жыйында “Медициналык буюмдарды жүгүртүү жөнүндө”, “Дары каражаттарын жүгүртүү жөнүндө” мыйзам долбоорлору каралды.

Жыйында баяндама жасаган саламаттык сактоо министри лымкадыр Бейшеналиев белгилегендей, биринчи мыйзам долбоору медициналык буюмдарды жүгүртүү циклинин бардык этаптарында жөнгө салууну карайт жана сапатын, натыйжалуулугун жана коопсуздугун камсыз кылуу максатында медициналык буюмдарды жүгүртүүгө байланыштуу келип чыккан мамилелерге колдонулат.

Талкуу маалында депутаттар медициналык буюмдарды жана дары-дармек каражаттарын жүгүртүүнү жөнгө салуу боюнча маселелер тууралуу пикир алышып, алардын коопсуздугун жана калк үчүн жеткиликтүүлүгүн камсыздоо маселелерине өзгөчө көңүл бурушту.

Жыйынтыгында мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>