Литва аскерлери Беларус менен чек араны тынымсыз коргоону токтотту

Литва аскерлери Беларус менен чек араны тынымсыз коргоону токтотту

Литванын аскерлери Беларус менен чек араны тынымсыз коргоону токтотту, бирок зарыл болгон учурда Мамлекеттик чек ара кызматына колдоо көрсөтүү үчүн ыкчам аракеттенүүчү топтор түзүлдү. Мындай чечим Чек ара тилкесин куруу боюнча иштердин акыркы этабына байланыштуу кабыл алынды. Тосмо жана коопсуздук системаларын орнотуу долбоору  жылдын аягына чейин толугу менен ишке ашырылышы керек.

Чек ара кызматы чек арадан өтүү аракеттери токтобой жатканын айтууда. Өткөн күнү Литва тарап беларус чек арачылары мыйзамсыз иммигранттарга Литвага кирүүгө жардам берип жаткандыгы тууралуу видеону тараткан.

Литванын Улуттук гвардиясы өткөн жайда миграциялык кризис башталгандан бери Беларус менен чек араны кайтарууда чек арачыларга жардам берип келет. Августтан бери 19 миңден ашуун мигрант Литвага киргизилген жок. Жалпысынан өткөн жылы Беларустан Литвага 4 миңден ашуун адам мыйзамсыз келген. Өкмөт мигранттардын агымын беларус режиминин гибриддик чабуулу деп атайт.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>