Люксембург айылынан 10 миң долларга жер алам деген жаран шылуунга алданган. Шектүү кармалды

Люксембург айылынан 10 миң долларга жер алам деген жаран шылуунга алданган. Шектүү кармалды

Бишкекте алдамчылыкка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Ленин райондук милициясынан билдиришти.

Милициянын маалыматы боюнча, быйыл 4-сентябрда аларга М.Н. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Ал билдиргендей, 2021-жылы октябрда М.К. аттуу киши Чүйдөгү Люксембург айылынан жер алып берем деп 10 миң доллар алган. Бирок убадасын аткарбай, жок болуп кеткен.

Аталган факт боюнча «алдамчылык» беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Иликтөө иштеринин жүрүшүндө шектүү катары 52 жаштагы М.К. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

Милициядан белгилешкендей, учурда ал дагы башка 10 алдамчылык фактысына катыштыгы бар деп шектелүүдө.

Укук коргоо органдары шектүүнүн кылмыштуу аракеттеринен жабыркагандар болсо, 0702 494 730, 0999 888 845 же 102 номерине кабар берүүсүн суранат.

Иликтөө иштери уланууда.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>