Жаманкулов ар түрдүү фирмаларды жарнамалаган «жылдыздарга» кайрылды

Жаманкулов ар түрдүү фирмаларды жарнамалаган «жылдыздарга» кайрылды

Маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов ар түрдүү ишкана, продукцияларды жарнамалоодо маданият кызматкерлерин жоопкерчиликтүү болууга чакырды. Бул тууралуу ал бүгүн, 25-июлда жарым жылдын жыйынтыгын чыгарган маалымат жыйында айтты.

Ал белгилегендей, министрлик бул багытта маданият тармагынын адамдары менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.

Министр айрым белгилүү адамдар жарнамалаган фирмалар элди алдап кеткен учурлар болуп жатканын белгилеп, ага мисал катары «Ихсан» турак жай кооперативин айтып өттү. Мындан улам ал жарандар алданып калбашы үчүн маданият кызматкерлери тиги же бу продукцияны, фирманы жарнамалоодо жоопкерчиликтүү жана этият болушу керектигин билдирди.

Эскерте кетсек, «Ихсан» турак жай кооперативине акча салган жарандар аларга убадаланган батирлерине жете албай, акчаларын да артка кайтара албай ара жолдо калган. Алардын бир тобу митингге да чыккан. Бул ишке байланыштуу аталган компаниянын жетекчиси камакка алынган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>