Путин оор кылмыш кылгандарды жарандыктан ажыратууну сунуштады

Путин оор кылмыш кылгандарды жарандыктан ажыратууну сунуштады

Орусиянын президенти Владимир Путин «Орусия Федерациясынын жарандыгы тууралуу» жаңы мыйзамдын долбоорун Мамлекеттик думанын кароосуна жөнөттү. Анда орус жарандыгын алуунун жана жарандыктан чыгаруунун жол-жоболорун өзгөртүү сунушталган. Документтин тексти Думанын электрондук базасына жайгаштырылды.

Долбоордо терроризм, маңзаттарына байланышкан жана мамлекетке каршы кылмыштар үчүн айыпталган адамдарды буга чейин берилген жарандыктан ажыратуу сунушу жазылган. Мындай ыйгарым укукту Ички иштер министрлигине берүү каралууда.

Мыйзам долбоорунда ошондой эле Орусиянын жарандыгын жеңилдетилген жол менен алуу тартиби тууралуу айтылат. Ага 20 категория кирет, арасында мурдагы СССРдин жарандары, алардын балдары, жакындары Орусияда жашаган жана орус жараны болгон чет өлкөлүктөр, орус империясынын же Советтер союзунун аймагында туруктуу жашап кеткен кишилердин урпактары көргөзүлгөн.

Мындан тышкары документте президенттин жеңилдетилген жарандык берүү же чет мамлекеттер өз камсыздоосуна алган балдарды жарандыктан чыгаруу боюнча укуктарын кеңейтүү сунушталган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>