Ош базарында жапайы канаттууларды мыйзамсыз сатуу фактысы аныкталдыЧикагодо Кыргызстандан чыккандар технологиялык стартаптардын сынагын уюштуруштуКыргызстандагы банктардын кредиттик портфели тогуз айда 29,9%га өстүЧүйдө унаа жолго сапатсыз асфальт төшөлгөн. Ишканага жолду кайра жасоо тапшырылдыКыргыз улуттук кинематографиясынын негизделгенине 85 жыл толдуБишкектеги унаа жуучу жайда айдоочу люктан чыгып келе жаткан жумушчуну сүзүп кетип, ал каза болду
Маил Алияскаров айыл чарба министринин орун басары болду
09.08.2023 | 17:13
Бүгүн, 9-августта Маил Алияскаров айыл чарба министринин орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.
Тийиштүү тескемеге министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров кол койгон. Жаңы дайындалган министрдин орун басары ветеринардык тармак, балык жана мал чарбасы боюнча жооптуу болот.
Маил Алияскаров 1977-жылы 20-июлда Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун Казарман айылында туулган. 2006-жылдан тарта айыл чарба тармагында эмгектенип келген. 2021-жылдын сентябрь айынан бери Чүй облусунун Панфилов районунун акими болуп иштеп келген.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом