23 жаштагы Бекболдун өлүмүн иликтөө үчүн атайын топ түзүлдү

23 жаштагы Бекболдун өлүмүн иликтөө үчүн атайын топ түзүлдү

Ысык-Көлдө ур-токмоктон каза болгону айтылган Талас облусунун 23 жаштагы тургуну Бекбол Аманкуловдун өлүмүнүн себебин аныктоо үчүн облустук милицияда атайын ыкчам-тергөө тобу түзүлдү. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Милициядан белгилешкендей, учурда сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында бардык зарыл териштирүү иштери жүргүзүлүүдө. Каза тапкан жарандын өлүмүнүн себебин аныктоо максатында экспертизалар дайындалган. Учурда экспертизанын расмий корутундусу чыга элек.

«Орун алган окуяны ар тараптуу жана объективдүү териштирүү максатында, Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын атайын тергөө-ыкчам тобу түзүлгөн. Аталган топтун курамына облустук милициянын борбордук аппаратынын тергөө жана ыкчам кызматтарында көп жылдык эмгек тажрыйбасы бар жана тажрыйбалуу милиция кызматкерлери кирди. Алар тараптан каза болгон жарандын өлүмүнүн себептерин аныктоо максатында болгон окуянын башка күбөлөрүн аныктоо, ошондой эле аларды сурамжылоо боюнча кошумча иштер жүргүзүлүүдө», — деп айтылат маалыматта.

Белгилүү болгондой, бул иштин иликтениши ИИМдин жана Ысык-Көл облустук милициянын жетекчилигинин көзөмөлүнө алынган.

Эскерте кетсек, буга чейин каза болгон жигиттин агасы иниси ур-токмоктон көз жумганын, милиция иниси талма оорусу кармап каза болгонун билдирип жатканын айтып чыгып, окуянын күбөлөрү болсо, маалымат берүүсүн өтүнгөн. Ошондой эле, маркумдун достору кайрылуу жасап, прокуратурадан ишти көзөмөлгө алуусун суранган.

7-августта облустук милиция 23 жаштагы жигиттин өлүмү боюнча үн катып, маалымат берген.

Ошондой эле, Бекбол Аманкуловдун өлүмү боюнча ишти президент жеке көзөмөлүнө алганы, укук коргоо органдарына объективдүү иликтөө жүргүзүүнү тапшырганы кабарланган.

Маркумдун өлүмүнүн себебин аныктоо үчүн  соттук-медициналык экспертиза Таласта өткөрүлөрү белгилүү болгон.

Ысык-Көлдөгү жаш жигиттин өлүмү. Экспертиза Таласта өткөрүлөт

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>