Адылбек Касымалиев Евразияда креативдүү экономиканы өнүктүрүүгө чакырдыМанас шаарынын мэри кызматтан бошотулду. Президент тескемеге кол койдуБекешев: Көлбаевдин бардык мүлкү мамлекетке өткөн эмесТаласта фотокапкандардын объективине ак илбирс, сүлөөсүн жана башка жаныбарлар түштүСыдыгалиев: оор кылмыш боюнча айыпталгандар камакта болушу керекБишкекте «CYBERVISION 2026» заманбап көргөзмөсү өтөт
Маил Алияскаров айыл чарба министринин орун басары болду
09.08.2023 | 17:13
Бүгүн, 9-августта Маил Алияскаров айыл чарба министринин орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.
Тийиштүү тескемеге министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров кол койгон. Жаңы дайындалган министрдин орун басары ветеринардык тармак, балык жана мал чарбасы боюнча жооптуу болот.
Маил Алияскаров 1977-жылы 20-июлда Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун Казарман айылында туулган. 2006-жылдан тарта айыл чарба тармагында эмгектенип келген. 2021-жылдын сентябрь айынан бери Чүй облусунун Панфилов районунун акими болуп иштеп келген.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом