Май майрамдарында милиционерлер күчөтүлгөн тартипте иштейт

Май майрамдарында милиционерлер күчөтүлгөн тартипте иштейт

Май айындагы майрамдарды өткөрүүгө даярдык көрүү мезгилинде Ички иштер министрлиги тарабынан коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыздоо, республиканын аймагында мүмкүн болгон укукка каршы аракеттердин алдын алуу боюнча уюштуруу жана алдын алуу иш-чараларынын комплекси өткөрүлөт.

ИИМдин маалыматына караганда, милиция майрам учурунда адамдардын коопсуз эс алуусу үчүн бардык зарыл чараларды көрөт. Салтанаттуу массалык иш-чаралар жана элдик майрамдар өткөрүлүүчү жерлерде укук тартибин жана коомдук коопсуздукту камсыз кылуу үчүн милициянын кезметтеринин күчөтүлгөн нөөмөтү каралган.

 “1-майдан 10-майга чейин ички иштер органдарынын өздүк курамы коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун талаптагыдай камсыз кылуу максатында күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөйт. Күчөтүлгөн күзөттө өзгөчө маанилүү объектилер алынат”, — деп айтылат маалыматта.

Майрам күндөрү республика боюнча жарандардын коопсуздугун камсыздоого 5 миңге жакын милиция кызматкери тартылат.

Кыргызстандыктар май айында беш күн катары менен эс алышат

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>