Майлы-Сууда 13 жаштагы кыз дайынсыз жоголду

Майлы-Сууда 13 жаштагы кыз дайынсыз жоголду

Жалал-Абад облусунун Майлы-Суу шаарында 13 жаштагы Каныкей Жакшыбаева жоголду. Бул тууралуу Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, 29-июлда милицияга борбор калаанын тургуну кайрылган. Ал 2009-жылдын 4-октябрында туулган тууганы Жакшыбаева Каныкей Сабыржановнаны табууга жардам сураган.

Арыз ээсинин айтымында, кыз 25-июль күнү саат 17:00дөр чамасында Жалал-Абад облусундагы үйүнөн чыгып кеткен боюнча үйүнө кайтып келген эмес. Факты маалымат журналына катталган.

26-июль күнү Каныкей Жакшыбаева Бишкек шаарындагы Турусбеков көчөсүндөгү мейманканалардын биринде 2 күндүк эс алуу акысын төлөп,  27-июлга чейин саат 14:30га чейин болуп, белгисиз тарапка кетип калган.

Белгилери: бою 150-155 сантиметрдей, орто денелүү, тегерек бет, кыска кара чач, коюу кара каш, түз мурун, орто эрин.

Ал ак футболка, күрөң жынсы шым, ак кроссовка жана күндөн көз айнек тагынган.

Каныкей Жакшыбаеванын жүргөн жерин аныктоого жардам бере турган маалыматы бар жарандар төмөнкү телефондор аркылуу кабарлап койсо болот.

0312352605, 0312444457, 0312352632, 0553102880, 0773909465, 0551088330, 0701644403, 0500032000, 0755579580 жана 102.

Тэги: Майлы-Суу

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>