Майор Мыктыбек Сулаймановдун элесине арналган футбол боюнча мелдеш өттү

Майор Мыктыбек Сулаймановдун элесине арналган футбол боюнча мелдеш өттү

Жалал-Абадда 2010-жылы июнь окуясында каза болгон милициянын майору Мыктыбек Сулаймановдун элесине арналган кичи футбол боюнча мелдеш өткөрүлдү. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Мелдештин ачылышында облустук милициянын башчысы Жеӊишбек Абитов сөз сүйлөп, Мыктыбек Сулаймановдун өрнөктүү басып өткөн жолуна токтолуп, анын жаркын элеси түбөлүккө сакталаарын белгиледи. Ошондой эле ал бул турнир мындан ар жыл сайын уюштурула турганын, келерки жылы ага түштүк аймагы боюнча өткөрүлөрүн билдирген.

Турнирге Жалал-Абад облустук милициянын, Сузак, Базар-Коргон, Ноокен, Майлуу-Суу, Таш-Көмүр, Токтогул, Аксы, Ала-Бука милиция бөлүмдөрүнүн, ИИМдин Атайын багыттагы полкунун Жалал-Абад шаарындагы өзүнчө ротасынын, Жалал-Абад облусу боюнча Атайын операциялар отрядынын, ИИМдин Ички аскерлеринин Жалал-Абад шаарындагы 7704 аскер бөлүгүнүн командалары катышкан.

Оюндардын жыйынтыгы менен 1-орунга Жалал-Абад облусу боюнча Атайын операциялар отряды, 2-орунга ИИМдин Ички аскерлеринин Жалал-Абад шаарындагы 7704 аскер бөлүгү, 3-орунга Ала-Бука райондук ички иштер бөлүмү, 4-орунга Жалал-Абад облустук милициянын командасы жетишкен. Байгелүү орунду алган командаларга кубок, медаль, статуэтка, диплом, акчалай сыйлык жана спорттук формалар тапшырылган.

«Милициянын майору Мыктыбек Сулайманов 1969-жылы Базар-Коргон районунун Кызыл-Ай айылында туулган. Ички иштер органдарына 1990-жылы кабыл алынып, сержанттан милициянын майору наамына чейин жеткен. Ал 2010-жылы июнь коогалаӊында Базар-Коргон айылында элдин тынчтыгын, бейпилдигин сактайм деп кызмат учурунда каза болгон. Мыктыбек Сулайманов көрсөткөн эрдиги үчүн Кыргыз Республикасынын III даражадагы Манас 3 ордени менен сыйланган», — деп билдирет облустук милиция.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>