Малды экспортоого качан уруксат берилери маалым болду

Малды экспортоого качан уруксат берилери маалым болду

Малды өлкөдөн тышка экспорттоого коюлган чектөө 1-июнга чейин иштейт. Андан соң мал-жандыктарды экспорттогонго уруксат берилет. Бул тууралуу айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министри Аскар Жаныбеков билдиргенин «Serep.media» жазды.

Ал азыркы учурда малды сырттан киргизгенге чек жок экенин, бирок айрым талаптар так аткарылышы керектигин белгиледи.

Кыргызстандын ичине киргизгенге чектөө жок, талаптар бар. Малды сатып алып жаткан адамдар аны 21 күнгө карантинге алышы керек. Андан тышкары анализдери алынып, бардыгы таза экени аныкталган соң гана киргизсе болот. Ал эми Кыргызстанга киргенде Ветеринардык жана фитосанитардык инспекциянын жобосу боюнча, келген мал карантинге алынып, кандан анализ алынат, — деди Жаныбеков.

Министр ошондой эле 19-ноябрда токтомдун негизинде экспортко чектөө коюлганын эске салып, бул чектөө 1-июнга чейин иштей турганын билдирди. Анын билдиришинче, 1-июндан баштап малды сыртка экспорттогонго уруксат берилет.

Өзбекстан Кыргызстандын мал этин жана мал-жандыктарын импорттогонго кызыкдар, — деп билдирди министр.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>