Мамбетов: Учурда 551 жасалма дем алдыруучу аппарат бар

Мамбетов: Учурда 551 жасалма дем алдыруучу аппарат бар

Бүгүн, 1-апрелге карата Кыргызстандын аймагында вирусту жуктурган 4 жаңы учур катталды. Жаӊы аныкталган учурлардын ичинен 1 сырттан келген (Россиядан кайткан), 3 – оорулуулар менен байланышта болуп жуктуруп алышкан. Бул тууралуу онлайн брифингде  Саламаттыкты сактоо министрлигинин штабынын жетекчисинин орун басары Касымбек Мамбетов билдирди.

Мамбетовго журналисттер тарабынан берилген коронавируска чалдыккан адамдар үчүн канча жасалма дем алдыруучу аппарат бар? деген суроосуна төмөндөгүдөй жооп берди.

«2020-жылдын 1-мартына карата КРнын Саламаттык сактоо уюмдарында 551 жасалма дем алдыруучу аппарат бар. Бул аппараттар балдар жана улуулар үчүн деп бөлүнбөйт. Учурда башка өлкөлөрдөн (РФ, КЭР ж.б.) кошумча жасалма дем алдыруучу аппараттарды алууга сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат». — деп жооп берди ал.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>