Мамкурулуш Kg Group компаниясынын 3 үйүн мыйзамдаштырды

Мамкурулуш Kg Group компаниясынын 3 үйүн мыйзамдаштырды

Kg Group курулуш компаниясынын Бишкек шаарындагы үч турак жай комплекси мыйзамдаштырылып, эксплуатацияга берилди. Бул тууралуу Курулуш, архитектура мамлекеттик агенттиги билдирди.

Агенттиктин жетекчиси Нурдан Орунтаев президент Kg Group курган үйлөрдүн маселесин чечүүнү тапшырганын айтты.

«Маселени чечсе болот. Kg Group компаниясынын өкүлдөрү келишти, биз аларга жардам бердик», — дейт ал.

Абай көчөсүндөгү “Сейтек”, А. Токомбаев 33 дарегиндеги “Датка Ордосу” жана Куйручуктагы «Шабдан» турак жай комплекстеринин жашоочуларуна тийиштүү документтер тапшырылды.

Тургундардын айтымында, 2017-жылдан бери батирлерин мыйзамдаштыра албай келишкен.

Эскерте кетсек, компаниянын негиздөөчүсү Имамидин Ташов  мамлекеттик төңкөрүш жасоого айыпталып, камакка алынган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>