Орусияда кыргызстандык аскерлердин катышуусунда ЖККУнун машыгуулары аяктадыКыргызстанга миграциялык агым 2025-жылы 15,4 миң адамга жеттиКыргызстанда өлүмдүн көрсөткүчү беш жылда 14%га төмөндөдүФАОнун азык-түлүк бааларынын индекси сентябрда бир жылда 5,8% өстүКыргызстанда төрөттүн жыйынды коэффициенти 2,6га чейин төмөндөдүКыргызстан менен Орусия ветеринария тармагында кызматташуу тууралуу меморандумга кол коюшту
Мамлекеттик цирк Маданият министрлигинин карамагынан чыгарылды
28.02.2025 | 15:00
Бишкектеги Абубакир Изибаев атындагы Кыргыз мамлекеттик цирк Маданият министрлигинин карамагынан чыгарылды. Тиешелүү токтомго министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.
Токтомго ылайык, цирк Мамлекеттик мүлктү башкаруу агенттигинин карамагына өткөрүлөт. Ошондой эле бул мекеме мамлекеттик ишкана болуп өзгөртүлөт.
Эскерте кетсек, мамлекеттик цирктин имараты 1976-жылы салынган. Былтыр ноябрда ал оңдоодон өткөндөн кийин пайдаланууга берилген.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом