Бишкектин «Мурас Ордо» конушунда 29-октябрда ичүүчү суу убактылуу өчүрүлөтСадыр Жапаров Түркияга иш сапары менен баратАйпери Медет кызы Астанадагы Дүйнө чемпионатында коло байге үчүн күрөшөтЭксперт: Кыргызстан бир нече жыл бою Россиядан күйүүчү май албай калышы мүмкүнКанат Эшатов: Кыргызстанда күйүүчү майдын чекене баалары жыл аягына чейин өзгөрбөйтКыргызстан менен Катардын ортосунда Ишкерлер кеңеши түзүлөт
Мамлекеттик ипотека арзандайт
14.10.2021 | 12:16
“МИК” ААКсы “Жеткиликтүү турак жай 2015-2020” турак жай программасынын пайыздык ставкасын төмөндөтүү боюнча чечим кабыл алды.
Тактап айтканда, ипотекалык продукциянын пайызын 2%га төмөндөтүү чечими кабыл алынды.
“Жеңилдетилген ипотека” боюнча ставка төмөндөгөндөн кийин баштапкы төлөмгө жараша 4-8%га чейин өзгөрөт, “Жеткиликтүү ипотека” боюнча – 8%.
Бул программалардын катышуучулары үчүн тарифтердин өзгөрүшү 1 -октябрда башталган. Ипотекалык пайыздык чендерди төмөндөтүү үчүн төмөнкүлөр керек:
- мөөнөтү өткөн карыздарды төлөө;
- мөөнөтү бүткөн камсыздандыруу полистерин жаңыртуу;
- банк менен карыз алуучунун ортосунда болгон келишимдерге тиешелүү кошумча келишимдерди түзүү.
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика