КРСУ жана «Газпром-Медиа» жеке бренд жана медиакоммуникация боюнча курсту ишке киргиздиБишкекте алгачкы фармацевтикалык кампа-логистикалык комплексинин курулушу башталдыЖКда үч жылга соттолгон балдар нефрологунун ишин кайра кароо сунушталды«Кыргызстан Кореяны артыкчылыктуу өнөктөш катары карайт»: Садыр Жапаров президент Ли Чжэ Мён менен жолуктуМектеп окуу китептеринин базарларда сатылышы боюнча текшерүү башталдыБаткенде мыйзамсыз лотерея уюштурган шектүү кармалды
Мамлекеттик ипотекалык компаниянын кирешеси жыл ичинде 2,5 эсеге өстү
30.07.2022 | 09:46
“Мамлекеттик ипотекалык компания” ачык акционердик коомунун таза кирешеси июнь айынын аягында 83 миллион 572 миң сомду түздү. Маалыматтар мамлекеттик компаниянын финансылык отчетунда келтирилген.
Бир жыл мурда МИКтин кирешеси 33 миллион 228 миң сом деп бааланган. Алсак, бир жылдын ичинде 50 миллион 344 миц сомго, же 2,5 эсеге көбөйдү.
Мамлекеттик ипотекалык компаниянын негизги кирешеси 89 млн 707 миң сомду түзгөн пайыздык киреше, 34 млн 783 миң сом пайыздык эмес киреше жана валюталык операциялардан 1 млн 566 миң сом.
Мында таза пайданын өсүшү негизинен пайыздык кирешенин көбөйүшү менен шартталган.
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика