Баткенде мыйзамсыз лотерея уюштурган шектүү кармалды

Баткен шаарында алдамчылыкка жана мыйзамсыз лотерея уюштурууга шектелип 27 жаштагы К.А. аттуу жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Милицияга арыз менен бир нече жаран кайрылып, шектүү 2026-жылдын июнь айында алардын ишенимине кирип, Lexus, Hyundai Porter жана башка автоунааларын алып, акчасын бербей жүргөнүн билдиришкен.
Мындан тышкары, кармалган жаран YouTube платформасындагы «Апаз-ТВ» каналы аркылуу лотерея уюштуруп келген. Тергөө иштеринин жүрүшүндө лотереянын мыйзамсыз экендиги аныкталып, жабырлануучуларга келтирилген материалдык зыян 2 миллион сомдон ашканы такталган.
Бул фактылар боюнча Кылмыш-жаза кодексинин «Алдамчылык» беренеси менен кылмыш иши козголгон. Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Баткен ОИИБ аталган жарандын аракеттеринен же «Апаз-ТВ» каналындагы лотереядан жабыркаган жарандарды милицияга кайрылууга чакырды.