Күнөөкөрдү алмаштырууга $4 миң сунушташкан — Надырбек ЖусуповПольшадагы конституциялык кризис: президент өлкөгө кайтып келди, сот имаратынын алдында — нааразылыктарБишкекте 8-ноябрда веложарышка байланыштуу жол кыймылына чектөө киргизилетЖапаров Түркияда Эрдоган менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү — эмнелер талкууланды31-октябрда Кыргызстанда жаан-чачын күтүлбөйтКасым-Жомарт Токаев Орусияны ТМУга кабыл алууну сунуштады
Мектеп окуу китептеринин базарларда сатылышы боюнча текшерүү башталды
16.09.2026 | 11:05

Өлкө боюнча укук коргоо органдары базарларда мектеп окуу китептерин сатуу фактылары боюнча текшерүү иштерин башташты. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, мындай тапшырманы Минкаб төрагасы Адылбек Касымалиев мектеп окуучуларына акысыз берилүүчү окуу куралдарынын соода түйүндөрүндө сатылып жаткандыгы тууралуу маалыматтар тарап жаткандыгына байланыштуу берген.
"Ички иштер министрлигине, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине жана Агартуу министрлигине китептердин эркин сатыкка түшүп калуу булактарын жана себептерин аныктоо тапшырылды. Ошондой эле басылып чыккан, жеткирилген жана бөлүштүрүлгөн нускалардын көлөмүн документтерге шайкештигин текшерүү милдети коюлду",- деп билдирди Минкаб.
Ошондой эле текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча мыйзам чегинде чаралар көрүлөрү айтылды.
Эске салсак, буга чейин да Агартуу министрлиги маалымат таратып, мамлекет даярдалган окуу китептери жана окуу-методикалык комплекстери эркин сатууга чыгарылбай турганын жана аларды саткандарга чаралар көрүлөрүн эскерткен.
Рубрики: Жаңылыктар, Илим-билим