Курулуш министрлиги: Жыл аягына чейин Кыргызстанда 36 мектеп курулатПрезидент Садыр Жапаров Түркмөнстанга иш сапары менен барат«Музейлер эксперименталдык боло алабы?»: Бишкекте куратор Чарльз Эшенин лекциясы өтөтБекешев: TikTok’ту бөгөттөн чыгарууга азыр УКМК гана каршы болуудаБекешев кортеждердин санын азайтып, «күркүрөгөн» унааларга чара көрүүгө чакырдыБишкекте уюлдук телефондорду мыйзамсыз алып кирүүгө шектелип чет элдиктер кармалды
Мамлекеттик кадрлар кызматы жоюлат
06.10.2021 | 16:27
Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов мамлекеттик кадрлар кызматы жоюлабы деп суроо салды. Ага Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, экономика министри Акылбек Жапаров “жоюлат” деп жооп кайтарды.
Депутат кадрлар резерви кандай түзүлөт тактап сурады. Жапаров болсо ар бир мекеменин деңгээлинде уюштуруу бөлүмдөрү түзүлөт дагы, ошол жакка резервге кадрлар чогулат. Кийин кайсы кызматкер кетсе, ошол жактан ордуна тандап алышат.
Учурда мамлекеттик жана муниципалдык кызматтар жөнүндө мыйзам Жогорку Кеңеште талкууланып жатат.
Кадрлар кызматы мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарга атайын сынак аркылуу адистерди тандап берет. Максаты ачык-айкын кадрларды тандоону камсыздоо болгон.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат