Кыргызстандагы 25 мектепке «Starlink» спутниктик интернетинин терминалдары тапшырылдыКыргызстанда балдардын онкологиясына бөлүнгөн каржылоо беш жылда үч эсе өстүЖазуудан мультфильмге чейин: КРда мамтил программасы кеңейтилетОрточо айлык менен 10, 15 жана 20 миң долларлык унаага канча жыл акча топтоо керекКыргызстанда балдардын канындагы коргошунду аныктоо үчүн лаборатория ишке киргизилет«Торт» менен «ханбийкесиз»: КР колуктулары кайсы көйнөктү тандашат?
Мамлекеттик карызды төлөөгө эки айда 4,1 млрд сом сарпталды
17.03.2023 | 15:16
Быйыл январь-февраль айларында Кыргызстандын мамлекеттик карызын төлөөгө республикалык бюджеттен 4 млрд 129,2 млн сом бөлүндү. Бул тууралуу Каржы министрлиги билдирди.
Анын 2 млрд 514,9 млн сому тышкы карыз, дагы 1 млрд 614,3 млн сом ички карызды төлөөгө кеткен.
Белгилеп кетсек, февраль айында мамлекеттик карызды төлөөгө 2 миллиард 117,4 млн сом бөлүнгөн. Бул январь айына (2 млрд 11,8 млн сомго) салыштырмалуу 105,6 млн сомго көп.
Эске салсак, алдын ала маалыматтар боюнча, 31-январга карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы 5 млрд 631 млн долларды түзгөн, анын 61%ы тышкы насыялар.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом