Бул жакка эч кимди киргизишчү эмес! «Бишкек-Аренадагы» VIP-ложанын алгачкы кадрларыКыргызстан менен БУУ коопсуздук, тынчтык орнотуу багытындагы кызматташтыкты тереңдететСадыр Жапаров Түштүк Кореяга расмий сапар менен баратЖаратылыш ресурстары министрлиги калдыктарды кайра иштетүүчүлөрдүн реестрин түзүп, лицензиялоо иштерин жүргүзүүдөБул күндү бүткүл дүйнөнүн жаштары күткөн!Бишкектин Кронштадт көчөсү унаа кыймылы үчүн ачылды
Мамлекеттик кызматкерлер арасында көк бөрү боюнча мелдеш өтөт
03.02.2023 | 09:59
Мамлекеттик жана маданият кызматкерлери арасында, 4-март күнү, көк бөрү боюнча достук мелдеши өтөт. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Мелдешке бардык мамлекеттик жана маданият кызматкерлери (көк бөрү сүйүүчүлөрү арасында) катыша алат. Мелдешке кесипкөй көк бөрүчүлөр катыша албайт.
Чүчү кулак 3-март күнү кармалат.
Катышуу үчүн командаларды каттоо Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекциясында болот. Каттоо 1-март күнү саат 17:00до аяктайт.
Байланыш номерлери:
Урмат Мусаев: 0551 777 111;
Аскар Бегалиев: 0707 998 999.
Дареги: Тоголок Молдо 17.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Спорт