Кыргызстанда мөңгүлөрдү жана Ысык-Көлдү коргоо боюнча фонд түзүлөт

08.09.2026 | 10:15
Кыргызстанда мөңгүлөрдү жана Ысык-Көлдү коргоо боюнча фонд түзүлөт — Новости Кыргызстана

Президент Садыр Жапаров өлкөнүн мөңгүлөрүн жана Ысык-Көлдүн экосистемасын сактоо боюнча кошумча чаралар жөнүндө жарлыкка кол койду.

Документке ылайык, Кыргызстандын мөңгүлөрүн жана Ысык-Көлдү сактоо жана коргоо фонду түзүлөт.

Жарлык ошондой эле курчап турган чөйрөнү коргоо, суу ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу жана климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуу чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты ишке ашырууга багытталган.

Анда мөңгүлөрдүн суу ресурстарынын негизги булагы катары стратегиялык мааниси, ошондой эле Ысык-Көлдүн экосистемасын улуттук жана дүйнөлүк маанидеги объект катары сактоо зарылчылыгы белгиленген.

Фонддун негизги милдеттери болуп эл аралык каржылоону, климаттык фонддордун, финансылык жана донордук уюмдардын каражаттарын тартуу, ошондой эле мөңгүлөрдү жана суу ресурстарын сактоо, сууну үнөмдөөчү технологияларды киргизүү жана суу ресурстарынын абалына мониторинг жүргүзүү боюнча долбоорлорду каржылоо саналат.

Фонд ошондой эле климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуу, мөңгүлөрдүн деградациясын азайтуу, өзгөчө кырдаалдардын тобокелдиктерин төмөндөтүү жана тоолуу жана суу экосистемаларынын туруктуулугун камсыз кылуу боюнча долбоорлорго көмөктөшөт.

Министрлер кабинетине 2026-жылдын 1-октябрына чейин фонддун уюштуруу-укуктук формасын, аны түзүүнүн жана ишмердүүлүгүнүн тартибин, долбоорлорду тандоо жана каржылоо механизмдерин, ошондой эле ачыктыкка, отчеттуулукка жана аудитке карата талаптарды аныктоо тапшырылды.

Фондду түзүү боюнча ишти координациялоо Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигине жүктөлдү. Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги Ысык-Көлдүн экосистемасын коргоо маселелерин, ал эми Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) мөңгүлөрдү сактоо, мониторинг жүргүзүү, изилдөө жана коргоо маселелерин координациялайт.

Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Scroll to Top