Самаков шайлоо күнүн эс алуу күнү кылбоону сунуштады

Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Самаков шайлоо жекшембиден шаршембиге жылдырылган күндө да добуш берүү күнүн эс алуу күнү деп жарыялабоону сунуштады.
Ал мындай сунушту парламенттин жыйынында шайлоо күнүн аптанын ортосуна жылдырууну караган өзгөртүүлөрдү талкуулоо учурунда айтты. Өзгөртүүнүн максаттарынын бири — шайлоочулардын добуш берүүгө катышуусун жогорулатуу.
Самаковдун пикиринде, эгер шаршемби эс алуу күнү деп жарыяланса, күтүлгөн натыйжа болбой калышы мүмкүн. Анткени жарандар жекшембидегидей эле үйдөн чыкпай коюшу ыктымал.
Депутат бул күндү жумуш күнү бойдон калтырууну сунуштады. Ошол эле учурда жарандар күн ичинде добуш берүүгө убакыт таба алышат.
Самаков мисал катары жума намазын келтирди. Анын айтымында, жума жумуш күнү болгонуна карабастан, көптөгөн мусулмандар мечитке барып, жума намазына катышууга убакыт табышат.
«Бул күн үчүн эмгек акы сакталып жаткандан кийин, адамдар жумушка барып, шайлоого да убакыт таап барышсын», — деп сунуштады депутат.