Ош шаарында автобустук каттамдардын багыттары өзгөртүлдү

09.09.2026 | 13:39
Ош шаарында автобустук каттамдардын багыттары өзгөртүлдү — Новости Кыргызстана

Ош шаарынын мэриясынын буйругу менен калаадагы коомдук транспорттордун каттам багыттары өзгөртүлдү. Ошондой эле эки жаңы айланма автобус каттамы бекитилди. Бул тууралуу Ош мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Жаңы айланма каттамдар:

  • №1 автобус: Т. Касымбеков көчөсү (Калкты тейлөө борбору) – Б. Осмонов – Жаңы базар – Ак-Тилек айланмасы – А. Мамыров – Амир-Тимур – Г. Айтиев – Курманжан датка – Р. Абдыкадыров – А. Масалиев – И. Раззаков – У. Салиева – Т. Касымбеков көчөсү.
  • №2 автобус: Жаңы базар – Ак-Тилек айланмасы – Т. Сатиев – М. Ишматов – М. Куренкеев – Ж. Мамытов – С. Бахапова – Н. Исанов – А. Шакиров – А. Масалиев – Р. Абдыкадыров – Алымбек датка – А. Навои – Г. Айтиев – Жаңы базар.

Аталган №1 жана №2 муниципалдык айланма автобустар шаарга кошумча автобустар келгенден кийин каттамга чыгарылат.

Өзгөртүлгөн автобус каттамдары:

  • №10: Акыркы аялдама №177 көчөдөн А. Орозбеков көчөсүндөгү мечиттин алдына жылдырылды.
  • №24: Төлөйкөн айылынан (Эдельвейс конушу) башталып, Н. Сайдиев, Алымбек датка, Курманжан датка, А. Масалиев, Б. Осмонов көчөлөрү аркылуу Жаңы базарга чейин барат. Түз жана кайта кайтуу багыты өзгөртүлдү.

Кичи автобустук каттамдардагы өзгөрүүлөр:
Багыттары жаңыланган кичи автобустардын катарына №101, 102, 107, 108, 120, 131, 133, 135, 141, 146, 150 жана 151 каттамдары кирди. Ал эми №109 кичи автобусунун чиймеси Ош көчөсүндөгү оңдоо иштери аяктагандан кийин бекитилет.

Мэриянын билдирүүсүндө, жаңы багыттардын айрымдары жол куруу жана оңдоо иштери толук бүткөндөн кийин ишке кирери айтылат. Ага чейин коомдук транспорт мурдагы чиймелер менен каттайт.

Scroll to Top