Мамкызматкерлер жазаланбайт. Мыйзам долбоор талкууда

Мамкызматкерлер жазаланбайт. Мыйзам долбоор талкууда

Мамлекеттик кызматкерлерди чечимдерди кабыл алган учурда жол берген каталары үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартпоо сунушталууда. Мындай демилгени министрлер кабинети көтөрүп, юстиция министринин орун басары  Алмазбек Зарылбек уулу бүгүн, 14-июнда Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин кезектеги жыйынында баяндама жасады.

Жыйында “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине жана Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү” мыйзам долбоору биринчи окууда каралды.

Баяндама жасаган юстиция министринин орун басары Алмазбек Зарылбек уулу белгилегендей, мыйзам долбоору аркылуу мамлекеттик кызматкерлерди чечимдерди кабыл алган учурда жол берген каталары үчүн кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартпоо сунушталууда. Бул эрежеге пайда көрүү же башка жеке кызыкчылыктан улам жасалган жосундар кошулбайт.

“Мамлекеттик кызматкерлер үчүн сунушталган кепилдик аларга ишенип берилген тармактарда позитивдүү реформаларды жүргүзүүгө, ошондой эле коюлган милдеттерди натыйжалуу аткарууга мүмкүндүк берет”, – деди министрдин орун басары.

Талкуу маалында депутаттар Дастанбек Жумабеков, Чыңгыз Ажибаев, Гуля Кожокулова жана Мейкинбек Абдалиев мыйзам долбооруна каршы чыгып, кетирген катасы үчүн мамлекеттик кызматкер жоопкерчиликке тартылышы керектигин белгилешти.

Талкуунун жыйынтыгында комитет мыйзам долбоорун четке кагуу сунушу менен Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин кароосуна жөнөттү.

 

 

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>