«Мадина» базарынын айрым жерлеринде өрттү өчүрүү иштери улануудаБишкек мэри «Мадина» базарындагы өрттөн кийин соодагерлер менен жолукту«Мадина» базарындагы өрткө дрондордун жардамы менен мониторинг жүргүзүлүүдө«Көлөкө менен кармаш»: Валентина Шевченко UFC титулун коргоо алдында Кыргызстанда машыгуудаБишкекке аймактардан 400дөн ашуун жол тескөөчү тартылдыМилиция «Мадина» базарындагы өрттүн алдын ала себебин атады
Нарында селдин кесепетинен өзгөчө кырдаал режими киргизилди
14.06.2022 | 14:41
Нарын шаарында селдин кесепетинен өзгөчө кырдаал режими киргизилди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Мекеменин маалыматына караганда, кечээ саат 17:45 чамасында катуу жааган жаандан улам сел жүргөн.
Анын кесепетинен 60тан ашуун кожолукту жана мечитти суу каптаган.
«Бүгүнкү күндө шаарда кырсыктын кесепеттерин жоюу иштери жүрүп жатат. Оозеки түрдө өзгөчө абалды шаардын биринчи вице-мэри киргизген. Кошумча маалымат кийинчерээк берилет», — деп айтылат билдирүүдө.
Алдын ала маалыматтар боюнча, жабыркагандар тууралуу маалымат жок.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом