2027-жылдан тарта илимий даражаларга үстөк акы эки эсе көбөйөт

Кыргызстанда илимий даражалар үчүн айлык акыга ай сайын төлөнүүчү үстөк акыны (кошумча төлөмдү) эки эсеге көбөйтүү сунушталууда. Министрлер кабинетинин тиешелүү токтом долбоорун Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги иштеп чыкты.
Негиздеме-маалымкатта айтылгандай, бул демилге илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды колдоого, адистердин изилдөөлөрдү жүргүзүүгө жана жаңы окумуштууларды даярдоого болгон кызыгуусун арттырууга багытталган.
Долбоорду иштеп чыккандар илимдин өнүгүшү фундаменталдык жана колдонмо изилдөөлөрдү жүргүзүүгө, кадрларды даярдоого жана илимий иштеп чыгууларды ишке киргизүүгө жөндөмдүү квалификациялуу адистердин болушуна түздөн-түз байланыштуу экенин белгилешет. Ошол эле учурда үстөк акылардын учурдагы өлчөмдөрү 2025-жылдын январында белгиленген.
Долбоордун авторлорунун пикиринде, төлөмдөрдү мындан ары көбөйтүү окумуштууларга материалдык колдоону күчөтүүгө, эмгек акы төлөөдө илимий квалификациянын маанисин жогорулатууга жана илимий жана билим берүү мекемелеринин кадрдык потенциалын сактап калууга мүмкүндүк берет.
Үстөк акыларды канчага көбөйтүү сунушталууда?
Учурда айлык акыга ай сайын кошулуучу үстөк төлөмдөр төмөнкүдөй:
- илимдин докторлоруна — 2700 сом;
- илимдин кандидаттарына, философия докторлоруна (PhD) жана профили боюнча докторлорго — 1350 сом.
Долбоор бул суммаларды 100% көбөйтүүнү карайт:
- илимдин докторлору үчүн — айына 5400 сомго чейин;
- илимдин кандидаттары, философия докторлору (PhD) жана профили боюнча докторлор үчүн — 2700 сомго чейин.
Ошентип, илимдин докторлору ай сайын кошумча 2700 сомдон, же жылына 32 400 сом алышат. Ал эми илимдин кандидаттары жана философия доктору (PhD), профили боюнча доктор даражасынын ээлери үчүн кошумча акы айына 1350 сомду, же жылына 16 200 сомду түзөт.
Үстөк акылар илимий, илимий-педагогикалык кызматкерлер жана профессордук-окутуучулук курам, анын ичинде мамлекеттик органдардын тиешелүү илимий даражасы бар кызматкерлери үчүн каралган.
Бюджеттен канча каражат талап кылынат?
Иштеп чыгуучулардын эсеби боюнча, төлөмдөрдү жогорулатуу 4968 адиске тиешелүү болот, алардын ичинде:
- 1038 илимдин доктору;
- 3662 илимдин кандидаты;
- 268 философия доктору (PhD) жана профили боюнча доктор бар.
Азыркы учурда бул кызматкерлерге үстөк акы төлөө үчүн жыл сайын 97 млн 297 миң 200 сом талап кылынат. Жогорулатуудан кийин чыгымдар эки эсеге көбөйүп, 194 млн 594 миң 400 сомду түзөт. Ошентип, республикалык бюджеттин кошумча чыгашалары жылына 97 млн 297 миң 200 сом болот.
Бул сумманын ичинен илимдин докторлорунун үстөк акысын көбөйтүүгө 33,6 млн сом, илимдин кандидаттарына — 59,3 млн сом, ал эми философия докторлору (PhD) менен профили боюнча докторлорго — 4,3 млн сом талап кылынат.
Мамлекеттик бюджеттен каржыланган мекемелер үчүн төлөмдөр бюджеттик каражаттардын эсебинен жүргүзүлөт. Ал эми чарбалык эсеп (хозрасчет) негизинде иштеген уюмдар үстөк акыларды өз каражаттарынан төлөөгө тийиш.
Анара Мамытова