Садыр Жапаров: үй-бүлө мамлекеттик саясаттын көңүл чордонунда болот

Бүгүн, 21-октябрда, өткөн республикалык кеңешмеде президент Садыр Жапаров алдыдагы беш жылда өлкөдө жүргүзүлө социалдык саясаттын өзөгүн үй-бүлө жана бала институту түзөрүн билдирди.
Анын айтымында, үй-бүлөнүн бакубаттуулугу мамлекеттин ийгилигин аныктаган башкы көрсөткүчтөрдүн бирине айланат
«Биз үй-бүлө институтун бекемдеп, улуттук руханий-адеп-ахлактык баалуулуктарыбызды сактайбыз. Ар бир бала коопсуз жана бакубат чөйрөдө чоңоюп жетилиши керек. Ал эми ар бир үй-бүлө эртеңки күнүнө ишенимдүү карашы зарыл»,- деп билдирди ал.
Садыр Жапаров жарандарды жана аялуу катмарларды колдоо үй-бүлөнүн «социалдык паспортунун» негизинде жүргүзүлөрүн айтты. Анын алкагында салыктык чегерүүлөр, турак жай-коммуналдык кызматтардын тарифтерине байланыштуу жардамдар, жөлөк пулдар, балдарды ийримдер менен секцияларга тартуу каралат. Мындан тышкары пенсиялык системада жеке «пенсиялык топтолмо» компоненти күчөтүлөт.
«Улуттук программанын негизинде 2050-жылга чейин адамдык потенциалды өнүктүрүүнүн бирдиктүү системасы түзүлөт. Анын негизги принциби – бүтүндөй мамлекеттик аппараттын адам үчүн иштөөсү. Адамдын жашоо-турмушунун бардык этаптарында: бала төрөлгөндөн тартып, билим алып кесипке ээ болгондо, үй-бүлө курганда, андан ары татыктуу карылыкка жеткенде да өз убагындагы колдоо камсыздалууга тийиш»,- деди өлкө башчы.