«Манас» аэропортунун мурдагы вице-президенти Даир Токобаев 34 жашында каза болду

«Манас» аэропортунун мурдагы вице-президенти Даир Токобаев 34 жашында каза болду

«Манас» эл аралык аэропортунун мурдагы вице-президенти, өкмөттүн алдындагы Улуттук стратегиялык изилдөөлөр институтунун директорунун орун басары Даир Токобаев пневмониядан каза болду. Бул тууралуу маркумдун жакындары билдиришти.

Алардын айтымында, Даир Токобаев оор абалда реанимацияда бир жума жаткан.

Ал 1986-жылдын 23-июнунда Бишкекте туулган.

Даир Токобаев NISI директорунун орун басары, «Манас» аэропортунда инвестицияларды өнүктүрүү жана эл аралык кызматташуу боюнча вице-президент болгон.  Кыргыз-орус славян университетин, АКШдагы Yale университетин аяктаган. Даир Токобаев президенттик жана парламенттик шайлоолордо саясий технолог катары иштеген.

Reporter.kg  маалымат агенттигинин эмгек жамааты Даир Токобаевдин көз жумгандыгына байланыштуу анын үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгыларын тең бөлүшөт.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>